Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.8091.30
RUB0.8800.895
KZT0.11860.1750

обновление 29.01.2025 10:50:24

Анкарада Орхан Инанды 21 жылга кесилди

Өкмөт Баткенде чек ара чатагында талкаланган үйлөр курулуп бүткөнүн жарыялады. Жергиликтүү ишкерлер үй курган компаниялардан миллиондогон сомун ала албай калганына даттанышты. Украинада орус армиясынын соңку чабуулдары 20дай жай тургундун өмүрүн кыйды. .


16.06.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32462502.html

 
Loading...

Жарыялар