карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Аннексияланган Крымды Украина менен туташтырган көпүрө аткыландыУкраинанын Херсон облусунун орусиячыл бийлиги билдиргендей, аннексияланган Крым жарым аралын украин аймагы менен байланыштырган көпүрөлөр аткыланды. Херсон облусунун Москва дайындаган губернатору Владимир Сальдо көпүрөлөргө украин күчтөрү Storm Shadow ракеталары менен сокку урганын болжолдоду. Ал Телеграмга жазгандай, чабуул 22-июнда «Крымдын дарбазасы» деп саналган Чонгар көпүрөсүнө жасалган. Бул көпүрө Крымды Украинанын калган бөлүгү менен байланыштырып турат. Бул маалда орус күчтөрү... 22.06.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32470555.html |
|
Loading...
|
|
|