Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргыз мектептердин абалын көрсөткөн ЖРТ жыйынтыгыКыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жана абитуриенттердин арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Ага 68 миң мектеп бүтүрүүчүсүнүн 50 миңге чукулу катышкан. Орус тилдүү класстардан тест тапшыргандардын 72% босого баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болсо, кыргыз тилдүү класстарда босого баллдан өткөндөрдүн саны 50% жеткен жок. Мындай көрсөткүч тынчсызданууларды жаратууда. Жакында эле билим берүү министри Каныбек Иманалиев айрым мектептерде окуучулардын 80... 22.06.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/kyrgyz-mektepterdin-abalyn-korsotkon-zhrt-zhyyyntygy-/32469156.html |
Loading...
|
Жарыялар |