Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.3586.85
EUR90.6091.60
RUB0.8550.890
KZT0.12000.1900

обновление 21.11.2024 15:05:24

Молдовада аэропортто Тажикстандын жараны эки кишини атып салды

Молдованын премьер-министри Дорин Речан 30-июнь күнү Фейсбуктагы баракчасына Кишинев эл аралык аэропортунда 43 жаштагы тажикстандык жаран чек ара полициясынын кызматкерин жана коопсуздук кызматынын кызматкерин атып салганын жазды. Кылмышка шектүү тапанчаны чек ара полициясынын кызматкеринен тартып алган. Окуядан дагы бир жүргүнчү жараат алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Маалыматтарга караганда, аэропортто жарандарга кол салган киши Кишиневге Түркиядан учуп келген. Аты-жөнү такталып...


01.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32484850.html

 
Loading...

Жарыялар