Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Акылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырдыМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-июлда Бишкектеги жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Орто-Алыш", "Башкара-Суу" жер астындагы суу алгычтарында болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда таза суу таңкыстыгын комплекстүү чечүүнү тапшырды. Кошумча сууканаларды курууга каражат бөлүнүп берилерин билдирди. Жапаров ошондой эле суу үчүн эсептегичтерди орнотууну тапшырды. Ал таза сууну сугатка пайдалангандар үчүн айып пулдун көлөмүн кайра карап... 03.07.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32487152.html |
|
Loading...
|
|
|