Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШ Украинага кассеталык ок-дары берилерин расмий бышыктадыКошмо Штаттары Украинага берилүүчү баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөт. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Колин Каль билдирди. Ал Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобоокелчиликти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгиледи. Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик... 08.07.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32494395.html |
Loading...
|
Жарыялар |