Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
"Өз ара таасир талашууда". Кен байлыктарга кынык алган уюшкан топтор7-июль күнү Чаткалдын ооруканасына жети-сегиз жерине ок жеп, кансыраган абалда 38 жаштагы жаранды алып келишти. Атылган октун бири сол кабырганы тешип кирип, ашказан, ичегилерди аралап кеткен экен. Ооруканага чала жан абалда түшкөн адам Чаткалдагы криминалдык авторитеттердин бири, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Самарбек Жолдошев болуп чыкты. “Сол колуна, буттарына, анан кабырга тушка аткан экен. Биз дароо операция жасап, ички органдарын тазалап чыктык. Ал жолдо жүрө албагандыктан,... 12.07.2023 : www.azattyk.kg |
|
Loading...
|
|
|