Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.50102.50
RUB1.2051.245
KZT0.17500.2000

обновление 31.05.2026 08:47:09

Пригожиндин компаниялары социалдык мекемелерди камсыздоо боюнча келишим түздү

Орусияда «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин компаниялары куралдуу козголоңдон кийин деле мектептерди жана ооруканаларды тамак-аш менен камсыздоо тууралуу келишим түзүүнү улантып жатышат. Бул тууралуу RTVI каналы кабарлады. Жалпысынан 1 млрд.64 миллион рублга тогуз келишим түзүлгөн. Алардын арасында Москванын жака белиндеги Мытищи шаардык аймагынын билим берүү башкармалыгы "Продфутсервис" компаниясы менен 705 миллиондук келишимге кол койгон. Анын...


13.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32502195.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк