Кыргызча анекдот / апенди:

Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1401.230
KZT0.11000.2000

обновление 10.06.2026 20:32:05

Санкцияга илинген кыргыз компаниялары

АКШ Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Алардын баары Орусия Украинага басып киргенден кийин Бишкекте ачылган. «Азаттык» «кара тизмеге» кирген бул ишканалардын чоо-жайын түшүндүрүп берет. 20-июлда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Кыргызстан менен Орусиядагы ондогон компанияга жана 18 адамга санкция салганын жарыялады. Министрликтин маалыматына ылайык, «кара тизмеге» жаңы киргизилген ишканалардын айрымдары Украинадагы согуш...


21.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32512234.html

 
Loading...

Жарыялар