Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.50101.50
RUB1.0701.140
KZT0.11000.2000

обновление 12.03.2026 22:41:44

Киев бир аптада 15 чарчы чакырым орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 31-июлда билдиргендей, соңку бир аптада украин аскерлери өлкө чыгышында жана түштүгүндө 15 чарчы чакырым аймакты орус күчтөрүнөн тазалады. Телеграмга жазган билдирүүсүндө, ал контрчабуул башталган өткөн айдан бери украин армиясы өлкө түштүгүндө 204,7 чарчы чакырым аймакты кайтарганын кошумчалады. Украин расмийлери контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, акырындап прогресс жетишилип жатканын билдирип келишет. Өткөн жумада...


31.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32527844.html

 
Loading...

Жарыялар