Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.5091.50
RUB0.9250.940
KZT0.12080.1800

обновление 12.02.2025 13:55:25

USAID долбоору кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмаларын жайылтууда

Кыргызстанда кургак учукка чалдыккан бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмалары колдонулуп, жакшы натыйжасын берүүдө. Бул тууралуу бүгүн 21-августта "Азаттыкка" USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунан билдиришти. Долбоор алкагында бейтапты каттоого алуу жана анын дарылануусун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн атайын медициналык маалымат системасы ачылып, ага бардык тийиштүү мекемелер кошулууда. Электрондук системада он миңдеген бейтаптын картасы жана миллиондогон анализдердин...


21.08.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32557085.html

 
Loading...

Кызматтар