Кыргызча анекдот / апенди:

Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR102.20103.20
RUB1.1601.200
KZT0.18000.2000

обновление 14.05.2026 01:57:41

Пригожин кантип Украинадагы согуштун жүзү болуп калды?

Бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан Украинадагы согушта Евгений Пригожиндин орус бийлигиндеги статусу бир нече жолу кескин өзгөргөн. 2023-жылдын жазында орус бийликтери мамлекеттин Пригожинге же ал түзгөн Вагнер тобуна эч кандай тиешеси жок деп билдиришкен. Бул таң калыштуу деле эмес – анткени формалдуу турдө, мындай куралдуу түзүлүштөр мыйзамсыз. Бирок жай айларында көп жылдар бою жеке аскердик компаниядар тууралуу сөз кылуудан оолак болуп келген мамлекеттик маалымат каражаттарында Петербургдук бизнесмен чогулткан жалданма аскерлер согушка катышып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыга баштады.


25.08.2023 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c0615e516n0o

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк