Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.4086.85
EUR90.9091.90
RUB0.8550.890
KZT0.12000.1950

обновление 21.11.2024 17:10:17

Сөз эркиндигинин абалы: Олжобай Шакирге жеткен берене

24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Буга УКМК "массалык башаламандыкка чакырууга” беренеси менен кылмыш иши козгогону себеп болгон. Олжобай Шакир бийликти бир катар аракеттерин кескин сындап, сөз эркиндиги жана жарандык коомго басым күчөгөнүн айтып келген.  Жазуучунун камалышын сөз эркиндигине кысым катары баалагандар, ошол эле маалда Олжобай Шакир ашыкча кетти дегендер да бар. Негизи эле Олжобай Шакир...


25.08.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/olzhobay-shakirdin-kamalyshy-soz-erkindiginin-abaly/32564916.html

 
Loading...

Жарыялар