Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.5587.05
EUR90.0090.50
RUB0.8350.870
KZT0.12150.1770

обновление 23.11.2024 12:55:43

Көк-Мойнок-1 айылында 30дай үйдү, короо-жайды сел каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланып жатканын билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулду. "Жеринде кечетен бери куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сел суулары тазалоо иштерин улантып жатат. Бүгүн 28-августта жалпысынан 17...


28.08.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32567514.html

 
Loading...

Жарыялар