Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.5086.85
EUR90.5091.50
RUB0.8550.875
KZT0.12200.2000

обновление 21.11.2024 16:40:23

Жайма базардан 4 долларга сатылган картинанын баасы 250 миң долларга бааланды

Сүрөттүн ээси болгон аял көп жылдар бою бош жаткан сүрөттүн баасына кызыгып, көркөм консерваторияга алып барды.


03.09.2023 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/madaniiat-zhana-chiebierchilik/2023/09/03/zhaima-bazardan-4-dollargha-satylghan-kartinanyn-baasy-250-min-dollargha-baalandy-2032273

 
Loading...

Жарыялар