мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Матроним чуусу, жарга такалган КонсотКыргызстанда 18 жашка толгон балдарга энесинин атына (матроним) катталууга жол ачкан чечим чыгарган Конституциялык сот катуу кысымга кабылды. ЖК төрагасы Нурлан Шакиев Конституциялык соттун төрагасынын жана бүт курамынын кызматтан кетишин талап кылды. Бир эле убакта Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого президентке укук берген мыйзам долбоорун биринчи окууда карап кабыл алды. 07.09.2023 : www.bbc.com |
|
Loading...
|
|
|