Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Иманалиев кетти, Бейшеналиев кайра министр: өкмөттөгү өзгөрүүлөрПрезидент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өкмөттүн курамында чукул өзгөрүүлөр болуп, бир катар министрлер алмашты. Алты ай иштеген Иманалиев Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан. Жаңы... 07.09.2023 : www.azattyk.kg |
|
Loading...
|
Жарыялар |