Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Киев бюросунун жетекчиси Инна Кузнецова көз жумду

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Киев бюросунун жетекчиси Инна Кузнецова 61 жашында Вильнюс шаарында катуу оорудан улам дүйнө салды. Инна Кузнецова 1963-жылы 30-мартта Киев шаарында туулган. Украинанын баш калаасындагы Тарас Шевченко атындагы улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүргөн. Украин улуттук радиосунда кабарчы, саясий баяндамачы болуп эмгектенген. «Эра-FM» радиосунун башкы редактору болгон. 2009-жылы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына (Радио Свобода)...


17.09.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32596343.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк