Кыргызча анекдот / апенди:

Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.10102.10
RUB1.0701.090
KZT0.15000.1640

обновление 13.10.2025 09:16:09

Кызылча менен ооругандар бир айда дээрлик 400гө көбөйдү

Кыргызстанда кызылча (корь) менен ооругандар соңку бир айда дээрлик 400гө көбөйдү. Республикалык иммунопрофилактика борборунун 19-сентябрдагы маалыматына караганда, жыл башынан бери бул ооруга чалдыккандардын саны 2151ге жетти. Бир ай мурда катталгандардын жалпы саны 1700 болчу. Ооругандардын эң көбү (936) 1-4 жаштагы наристелер. Бир жашка чейинки ымыркайлар 641, 5-9 жаштагылар 331. Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер. Өткөн айда бул оорудан эки бала чарчап...


19.09.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32599304.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк