Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Дин комиссиясы мамлекеттик органдарды светтик принципти карманууга чакырдыДин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 21-сентябрда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кеңешме жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анда Дин комиссиясы баяндама жасап, мамлекеттик органдарды светтик принцип менен иш алып барууга чакырды. Жыйын 2022-жылы кабыл алынган “2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекетик саясатынын концепциясын” ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Иш-чарада өлкөдөгү диний кырдаал да... 22.09.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32604217.html |
|
Loading...
|
|
|