Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD85.0585.55
EUR92.2093.20
RUB0.8800.910
KZT0.12000.1900

обновление 15.10.2024 14:40:19

Иликтөө: Жаңы Ак үйдүн курулушунун артындагы сыр

Ушул тапта Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүп атат. Жаңы Ак үйдү “Иншаат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат. Келишимдин шарттары, курулуштун баасы коомчулукка ачык айтыла элек. “Азаттык” стратегиялык курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштарын иликтеди. Бишкектин түштүгүндөгү мурунку Ысык-Көл мейманканасынын ордуна түшө турган президенттик...


22.09.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32604795.html

 
Loading...

Жарыялар