Тиш доктор
Мамыт тиш доктордон аябай коркот экен.
Тиши ооруса да коркуп барбайт экен.
Тиш доктордон коркконун достору баары билет экен.
Бир күнү Мамыттын тиши аябай ооруп, айласы кеткенден тиш докторго барууну чечет экен.
Тиш докторго барып кайтып келе жатса, Мамыттын сүйүнүп келе жатканын достору көрүп сурашат экен:
- Мамыт, сен тиш доктордон коркот элен, мынчалык сүйүнүп келе жатасын?
анда Мамыт:
- Барсам тиш доктор ордунда жок экен...
Кийинки анекдот/апендини оку
Гетто коркунучу: Путин мигранттар тууралуу эмне деди?Россияда мигранттарга карата текшерүүлөр күчөп жаткан чакта Владимир Путин "өлкөдө мигранттардын геттосун түзүүгө жол берилбеши керек" деп билдирди. Жай ичи Россиянын ар бурчунда мигранттарга карата рейддер орун алып жатты. Ага кошумча соңку кезде орус ЖМКларда мигранттар тарабынан жасалган кылмыштар тууралуу байма-бай айтылып баштады. Мындан улам Кремль мигранттарга карата кысымын күчөтүүдөбү деген суроолор чыгууда. 25.09.2023 : www.bbc.com |
|
Loading...
|
Жарыялар |