Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Казакстанда сот активист Жанболат Мамайдын ишмердигине тыюу салдыАлматынын Бостандык райондук соту “Демократиялык партия” түзүү боюнча демилгечи топтун лидери, оппозициячыл активист Жанболат Мамайга 2029-жылга чейин китеп жазууга жана басып чыгарууга тыюу салды. Анын коомдук-саясий жана журналисттик ишмердигин чектөө боюнча 25- отурум болгонун активисттин жубайы Инга Иманбай билдирди. Сот чечимине ылайык, Жанболат Мамайга жабык имаратта тренинг өткөрүүгө, окуган китептери боюнча онлайн эфир уюштурууга, маалымат каражаттарына интервью берүүгө, укук... 27.09.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32612258.html |
Loading...
|
Жарыялар |