Кыргызча анекдот / апенди:

эс алсын
Эки көзү толо куржунун эшегине артып алып жол жүрүп баратса, Апендиге бирөө кыйкырат:

- Эшектин убалынан коркпогон кандай ташбоор жан элең? Очоюп минип алып, оор куржунду жонуна артып...

Тиги кишинин сөзүн туура көргөн Апенди куржунду өз ийинине арта салып эшекти минген бойдон жолун улаптыр...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

Кыргызстан Орусияга эки илбирс жиберет. Экологдор буга каршы

Кыргызстан изилдөө иштери үчүн Орусияга эки ак илбирс жиберет. Учурда атайын топ сейрек кездешүүчү бул жаныбарды кармоонун үстүндө иштеп жатат. Экологдор илбирстерди байырлаган жеринен башка жакка көчүрүп барып изилдөөну колдобой тургандыгын айтышты. Илбирстерди коргоо боюнча түзүлгөн дүйнөлүк уюм дагы бул демилгеге тынчыздануусун билдирди.


28.09.2023 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cqv9e0xe31qo

 
Loading...

Жарыялар