Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку
Баткен: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлдуКыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2-октябрда Баткенде өткөн жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын... 03.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32619917.html |
|
Loading...
|
|
|