Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.80102.80
RUB1.1201.170
KZT0.15000.1980

обновление 08.05.2026 14:24:01

14-октябрдын аба ырайы

Шашылыш билдирүү Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 15-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 13 октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. 14-15-октябрда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 5…10°, Талас өрөөнүндө...


13.10.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32635778.html

 
Loading...

Жарыялар