Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыктыTикТок платформасын Кыргызстандын аймагында жабуу боюнча техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн да кошумчалады. “ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз... 23.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32650359.html |
|
Loading...
|
|
|