карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Аба ырайы: күн ачык болотКыргызгидромет борбору билдиргендей, 25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге... 24.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32651422.html |
Loading...
|
Жарыялар |