Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Орусияда аскерге барбаган борбор азиялыктарга иш козголдуМосквада аскерге барбаган борбор азиялыктарга каршы 22 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди. Кеп буга чейин орус жарандыгын алган адамдар тууралуу болуп жатат. Учурда укук коргоо органдары аларды издеп жатканы маалым болду. Эгер алар чындап эле аскерге баруудан баш тартса, жарандыктан ажыратылат. Буга чейин жарандык алган 80ден ашуун адам Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөө үчүн жиберилген. Ушул жылдын аягына чейин аскерге 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар... 28.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32657969.html |
Loading...
|
|