Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.10102.10
RUB1.0701.090
KZT0.15000.1640

обновление 13.10.2025 09:16:09

Жунушалиев кайрадан мэр болду. Бишкектин көйгөйү чечилеби?

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматынан алынып, анын ордуна Айбек Жунушалиев келди. Жунушалиев буга чейин да Бишкек шаарын башкарып кеткен. Президенттик аппарат Абдыкадыров “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду” деп кабарлады. Бирок азырынча кайсы кызматка өткөнү айтыла элек. Эмилбек Абдыкадыровду коштогон сын жана мактоо Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Эки жылга жакын иштеген мэр Абдыкадыровдун калаадагы таштанды,...


31.10.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/zhunushaliev-kayradan-mer-boldu-bishkektin-koeygoeyue-chechilebi-/32662402.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк