Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.5084.90
EUR93.2094.20
RUB0.9200.955
KZT0.12300.1800

обновление 16.09.2024 11:20:16

Зайырбектин датасы жок күндөрү уланат

1-ноябрда Бишкектеги улуттук филармонияда таанымал акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өттү. Кечеде акындын жалындуу саптары, обондуу ырлары жаңырды. Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык чыгармачыл жаш муун өкүлдөрүнө тапшырылды.


02.11.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32667593.html

 
Loading...

Жарыялар