эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
“Саймалуу-Таш санаты” айтышынын тандоо туру аяктадыБүгүн 6-ноябрда Бишкекте төкмө акындардын “Саймалуу-Таш санаты” аталышындагы республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталды. Улуттук тарых музейинде өткөн иш-чарага жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынды. Алар – Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Акматбек Султан уулу, Арген Биймырза уулу, Тынчтыкбек Эсенбай уулу, Темирбек Матыбаев, Элмирбек Иманалиев, Шайлообек Отунчиев, Жибек Сапар кызы, Жамайка Токонова, Тынарбек Бураев, Асылбек Маратов, Баян... 06.11.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32673142.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |