карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Спорттук иш-чара учурунда оор жараат алган чек арачы каза болдуБаткен районунун чек ара отрядынын келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери 8-ноябрь күнү атайын спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө оор жараат алып каза болду. УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 27 жаштагы прапорщик коопсуздук эрежесин бузган. Мекеме маркум кандай эрежелерди бузганы тууралуу маалыматты тактаган жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, аскер кызматкери баш мээсинен оор жараат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө... 09.11.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32677449.html |
|
Loading...
|
|
|