Бирөө өлүптүр
Бардык нерсеге кулагын түрүп кызыга берген бир жигит жолдо кетип баратып, элдердин топтолушуп турганын көрөт да, ал жерде эмне болуп жатканына кызыгып калат. Аңгыча 'бирөө өлүптүр' деп угат. Жанталашса да өз көзү менен көрө албай койот.
Айласы кеткенде:
- ары болгула, өлгөн адам менин атам, деп ийет.
Адамдар баары таң калып карап калышат.
Жигит жүткүнүп барып эле караса эшек жатыптыр.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Жер планетасы III” берүүсү укмуш тартылган, көрүп үрөйүң учат "Сэр Дэвид Аттенборонун "Жер Планетасы" сериалынын акыркы сериясында табиятта тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жаткан шартта дүйнөдө жаныбарлар кантип жашоо үчүн күрөшүп жатканы көрсөтүлөт. 10.11.2023 : www.bbc.co.uk |
|
Loading...
|
Жарыялар |