Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Финляндия Орусия менен чек арадагы бекеттерин жаап, мигранттар ара жолдо калдыОрусиядан Финляндияга өтүүгө аракеттенген үчүнчү өлкөлөрдүн 30дай жараны Орусиянын чек ара аймагында ара жолдо калды. Бул тууралуу орус медиа каражаттары кабарлады. Финляндия ишембиге караган түнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы төрт өткөрмө бекетти жаап салган. Фин бийлиги муну Батыштан башпаанек издеген Сирия, Ирак, Пакистан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарынын агымы көбөйгөнү менен түшүндүргөн. Хельсинки мигранттардын мындай агымына Орусия көмөктөшүп жатат деп айыптаса, Москва аны четке... 19.11.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32691048.html |
|
Loading...
|
|
|