мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
“Биз бир муун алмашканча жаш балдардын никеге туруусун токтото алабыз”Би-Би-Синин 100 Айым долбоорунун эксклюзивдүү бөлүгүндө Мишель Обама, Амал Клуни жана Мелинда Френч Гейтс жашы жете электердин никеге туруусу актуалдуу маселе экенин, эгер дүйнөлүк лидерлер бул маселени биринчи орунга коюшса, аны жоюуга болорун айтып беришти. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 18 жашка чыкпай туруп турмушка чыккан 650 миллион кыз жашайт жана учурда дүйнө жүзү боюнча жылына 12 миллиондон ашык кыз мыйзамдуу жана салттуу жөрөлгөлөр аркылуу турмушка чыгат. 21.11.2023 : www.bbc.co.uk |
Loading...
|
Жарыялар |