Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Прокурорлорго мыйзам сакчысы деген наамга татыктуу иштөө талабы коюлдуПрокуратура кызматкерлери мыйзамдын ишенимдүү сакчылары деген наамга татыктуу болуп иштеши керек деген талабын президент Садыр Жапаров бүгүн 22-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда койду. Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартибин бекемдөө прокуратура өкүлдөрүнүн негизги иши экенин белгилеген мамлекет башчы алардан акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран колдоо табарына,... 22.11.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32695523.html |
Loading...
|
Жарыялар |