Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры
Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен
Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен
Кийинки анекдот/апендини оку
Көр сатууну тыюу сунушталган мыйзам долбоору талкууга коюлду1-декабрда Жогорку Кеӊештин социалдык саясат боюнча комитети «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" долбоордун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев маалымдады. Анын айтымында, мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алып, маркумдун көзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык сөөктү көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин... 26.11.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32700284.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |