Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Филиппинде 7,6 баллдык жер титирөө болдуФилиппинде ишемби күнү кечинде болгон жер титирөөдөн бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды. Зилзаладан улам цунами болушу мүмкүн деген эскертүүдөн кийин миңдеген тургундар үй-жайларын таштап, көчөлөргө чуркап чыкты. АКШнын Геологиялык кызматы 7,6 баллдык жер титирөө 32 чакырым терендикте болгонун билдирди. Цунами тууралуу эскертүү бере турган Тынч океан борбору толкун Филиппиндин түштүк тарабына, Индонезиянын, Палаунун, Малайзиянын айрым бөлүктөрүнө жетерин эскерткен, бирок кийинчерээк... 03.12.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32711901.html |
Loading...
|
|