Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.7087.50
EUR92.8093.80
RUB0.9500.995
KZT0.13000.2050

обновление 12.06.2024 20:00:15

Сот активист Ырыс Жекшеналиевди толук актады

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алды. Мындай чечимди судья Мирбек Сатарбек уулу чыгарды. 16-ноябрдагы сотттук отурумда прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Ырыс Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке кагып, соттон аны актоону суранган.  Ырыс Жекшеналиев былтыр августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо...


04.12.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32713019.html

 
Loading...

Жарыялар