Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.6091.10
RUB0.8800.895
KZT0.11860.1750

обновление 30.01.2025 00:30:25

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% басмырлоого дуушар болот

Эл аралык балдар уюму ЮНИСЕФ "Европа жана Борбор Азиядагы майыптыгы бар балдар жана алардын жашоосу" деген аталышта баяндамасын жарыялады. Уюмдун сайтына 5-декабрда жарык көргөн баяндамада Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү майыптыгы бар балдар үйдө, мектепте, коомдук жайларда басмырлоого дуушар болушары жазылган. Анда негизинен тогуз өлкөнүн: Беларус, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан, Сербия, Түндүк Македония, Түркмөнастан жана Черногорияда жашаган майыптыгы бар балдардын абалы...


05.12.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32714184.html

 
Loading...

Жарыялар