Кыргызча анекдот / апенди:

Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенин жүргөн адамдар тууралуу маалыматтар чогултулду. Алардын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилди. Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк...


07.12.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32719422.html

 
Loading...

Жарыялар