Кыргызча анекдот / апенди:

Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.0087.50
EUR102.90103.90
RUB1.1251.185
KZT0.16000.1800

обновление 25.01.2026 20:03:31

Бектемир Асангулов: жамандыктын чамгарагы болбойт

Кыргызстанда президент Садыр Жапаров Элдик курултайда мамлекеттик тууну өзгөртүү анын өзүнүн демилгеси экенин билдирип, ага өзүнүн жүйөлөрүн айткандан кийин желектеги күн нуру менен катар боз үйдүн чамгарагы жөнүндө талаш-талкуу күчөдү.


19.12.2023 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cnlv8gy819wo

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк