Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку
Украинага жеткен Түндүк Кореянын ракетасыДүйнөнүн элүү чакты өлкөсү Орусия Украинага Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун айыптап чыгышты. Алар "бул үчүн орус бийлигин жоопко тартуу талап кылынарын" билдиришти. Адистер белгилегендей, мындай ракеталар 900 чакырымга чейин жетет. Ал тапта Улуттар Уюму эки жылга чукул согуш баскан Украинада калктын дээрлик 40 пайызы гуманитардык жардамга муктаж экенин белгиледи. Өлкө президенти Владимир Зеленский бир катар стратегиялык маселелерди талкуулоо үчүн... 10.01.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32768803.html |
|
Loading...
|
|
|