Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Прага: Акыл таймашында алдыга чыккан шахматчыларКыргызстандык шахматчылар Чехиянын борбору Прага шаарында өткөн "Prague Open" эл аралык шахмат фестивалында ийгиликке жетишти. 8-январдан 12-январга чейин созулган бул турнирге 42 өлкөдөн 400гө жакын атаандаш катышты. Кыргызстандык үч шахматчы тең алдыңкы орундарга ээ болду. 15.01.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32775433.html |
|
Loading...
|
|
|