Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.40102.40
RUB1.1001.130
KZT0.16500.1850

обновление 15.01.2026 10:11:30

Украина Донецкке сокку урду: 13 киши каза болду

Орусия менен Украина 2022-жылдын 24-февралында башталган согушта өз ара кол салууларын улантып жатканда, каза болгон жарандардын саны да өсүүдө.


21.01.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/01/21/ukraina-donietskkie-sokku-urdu-13-kishi-kaza-boldu-2091444

 
Loading...

Жарыялар