карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШ шайлоосу: Трамп кайрадан Байден менен беттешүүнү көздөйтАКШнын Нью-Гэмпшир штатында республикачылардын баштапкы шайлоосунда (праймеризде) экс-президент Доналд Трамп жеңди. Ноябрда партиянын атынан президенттик шайлоого катышуу үчүн жарышта Трамптын жападан жалгыз атаандашы Никки Хейли күрөштү улантарын билдирди. 24.01.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32789984.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |