Кыргызча анекдот / апенди:

Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.10102.10
RUB1.0701.090
KZT0.15000.1640

обновление 13.10.2025 09:16:09

Индия полициясы тыңчылыкка шектелген көгүчкөндү коё берди

Индия полициясы Кытай тыңчы катары колдонууда деген шектенүү менен кармаган көгүчкөндү  8 айдан кийин жапайы жаратылышка коё берди.


02.02.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/02/02/indiia-politsiiasy-tyn-chylykka-shiektielghien-koghuchkondu-koio-bierdi-2096701

 
Loading...

Авто-мото