Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Эне тилин, тарыхын сүйгөн балдарды өстүрүшүбүз керек"Жакында эле орус армиясынын катарында согушкан кыргыз жигиттин “Ооба, кыргызмын, бирок орусиялыкмын деп сезем" деген сөздөрү талкууга алынды. Жалаң орусча сүйлөп жүргөндөр ошондой болуп калбайбы келечекте? Балам орусча сүйлөйт деп мактангандар ойлонушу керекпи? 02.02.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32803082.html |
Loading...
|
Жарыялар |