Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Түрк делегациясынын БУУдагы Газа билдирүүсүАмерика Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун сессияларына катышкан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин делегациясы Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларын күн тартибине алып чыкты. 10.02.2024 : www.trt.net.tr |
|
Loading...
|
Жарыялар |